Муниципалдык ишкананын мурдагы директору бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын товардык-материалдык баалуулуктарын негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен бюджеттик каражаттарды алып коюунун кылмыштуу схемасы аныкталып, токтотулду.
"Тактап айтканда, ишкананын мурдагы жетекчиси Ж.К. тарабынан автотранспорттун тетиктерин, ошондой эле иштебей турган атайын техника үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруунун белгиленген механизми уюштурулган.
Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Аталган фактынын негизинде Ж.К. кармалып, Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.