Казакстанда ЛГБТ пропагандасына тыюу салынышы мүмкүн

Казакстанда өкмөт 31-майдан бери 50 миңден ашык кол топтогон ЛГБТ пропагандасына каршы петицияны карайт.

Буга чейин өлкөнүн өкмөтүнүн сайтында “Биз Казакстандагы ачык жана жашыруун ЛГБТ пропагандасына каршыбыз!” деген петиция жарыяланган, ал өз кезегинде расмий кароого жетиштүү добуш (50 миң) чогулткан.

Петициянын авторлору өлкөдөгү балдар менен жаштарды "китеп, телевизор жана смартфон аркылуу бир жыныстуу мамилелерге мажбурлап жатышат" деп ырасташат.

"Жашыруун жана байкалбаган, жаштар арасында сексуалдык мамилелердин жаңы стандарттары калыптанууда. Ошол эле учурда салттуу баалуулуктар өткөндүн калдыктары, артта калгандыктын белгиси деп үгүттөлүүдө. Биз унчукпай отура берсек, биздин балдар жетиле элек аң-сезими жана тажрыйбасыздыгынан улам бир жыныстагы адамдардын сүйүүсүн кадыресе көрүнүш, ал тургай мода деп эсептей башташы мүмкүн", - деп айтылат кайрылуунун текстинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан