Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 10-июнь күнү ӨКМге Ош шаарынын Исаков көчөсүнөн өткөн Ак-Буура-Араван каналына 42 жаштагы эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, жерине 24 куткаруучу тартылган.
"Бүгүн, 11-июнда издөө иштерине 30 куткаруучу тартылды", - деп айтылат маалыматта.