Бишкекте 17 жаштагы Венера Паязова изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-июнда милицияга эжеси арыз менен кайрылган. Анда ал 2007-жылы туулган сиңдиси 2-июнь күнү Заводская көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Белгилери: бою 160 сантиметр, көзү кара. Кийген кийими: ак түстөгү футболка, кара шым жана ак спорттук бут кийим.
Милиция Венера Паязованы көргөн жарандардан 0(312) 35-26-05; 0(777) 86-97-97; 0(700) 86 09 09; 0(773) 90-94-65 байланыш номуру жана 102 кыска номуруна кабарлап коюуну өтүнөт.