Ысык-Көл облусунда WhatsApp аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алган жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жарандары О.Ж. жана М.Б. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду бууп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталган.
"Сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнүн фонунда аталган адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан.
Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж. жана M.Б. тараткан аудио жазууларда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.