Лейлек районундагы "Ан-Нисаа" диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган диний мекеме Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй туруп, аялдарга жана жашы жете элек балдарга диний сабактарды өтүп келген. Медреседе жалпы 60ка жакын окуучу болсо, анын 40ка жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр экени аныкталган.
УКМК учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын, алынган диний адабияттарга тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.