Бишкекте 2 жыл мурун абактан качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү саат 16:00 чамасында милицияга Кулиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде издөөдөгү жаран жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Дароо айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери шектүүнү кармоого аракет кылышканда ал каршылык көрсөткөн. Натыйжада аны физикалык күч колдонуу менен кармашкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
"Кармалган жаран 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү (эски редакция)) боюнча жазасын өтөп жаткан жеринен абактан качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.