Чүйдө айылдашын өлтүрүүгө шектелип 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-июнда Чүй районунун Заречная айылында болгон. Анда 1968-жылы туулган жаран саат 07:00 чамасында 1974-жылы туулган айылдашынын үйүнө барган. Экөө бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп, чырдаша кетишкен. Ортодогу пикир келишпестик мушташка чейин жетип, үйдүн ээси келген айылдашын даракка байлап алып сабаган. Жабырлануучу ур-токмоктон алган жараатынан улам каза болуп калган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1974-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.