Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун 78-үйүнөн 9-июндан 10-июнга караган түнү, саат 24:00 чамасында жашыруун чыгып кеткен 19 жаштагы Ализа изделүүдө. Бул туурасында кыздын туугандары кечээ, 10-июнда коомчулукка айтып чыгышты.
Алардын айтымында, бир жумадан бери эки жигит аңдып жүрүшкөн.
“Менин кудачам кечээтен бери жок болуп жатат. Түндө саат 12лер чамасында үйдөн чыккан боюнча жок болууда. Милицияга кайрылышкан, издеп жатабыз дегенден башка жооп болбой жатат. Жоголгондон 6-7 саат мурун тартылган видео бар, видеодогу балдар болжол менен бир жума акмалап жүрүшкөн экен. Балдарды издөө керек”, - деп калтырган билдирүүсүндө.
Ал эми Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына берген маалыматында издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.
“10-июнда А.Ж. аттуу жаран 2005-жылы туулган Жеңишбек кызы Ализа аттуу сиңдисин табууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Учурда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык керектүү издөө иштерин жүргүзүп жатат”, - деп билдиришти милициядан.