Чет өлкөлүк жарандын 8,4 миң долларын алдап кеткен шектүү кармалды

Чет өлкөлүк жаранды алдаган деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран милицияга арыз менен кайрылып, 8 миң 400 долларын алдатып, алдырып жибергенин айткан. Арыз ээсинин айтымында, Telegram каналы аркылуу өзүн Интерпол SOS компаниясынын өкүлү катары тааныштырган адам ага Франциянын туристтик визасын бүтүрүп берүүнү убадалаган. Бирок кийин шектүү из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Шектүү катары 1992-жылы туулган К.З. аттуу жаран кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан