Сауд Арабиясында ажылык сапарга уруксатсыз барган 300 миңден ашуун адам кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар өлкөнүн коомдук коопсуздук кызматына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алардын арасында акыркы учурда туристтик виза менен барууга аракет кылган 157 миңдей чет элдик бар.
Ажылык сапардагы коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси Мухаммад ибн Абдулла Аль-Басами ажылыктын эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган 140 зыяратчылар тобу жана 64 транспорттук уюм аныкталганын билдирген.
Сауд Арабия бийлигинин маалыматы боюнча, 8-июндан тарта Меккеге ажылыкка 1 миллион 300 миңден ашуун мусулман барды. Былтыр ажылыкка уруксатсыз катышууга аракет кылган делип 17 миңден ашуун адам кармалган.
Белгилей кетсек, ажылыкка уруксаты жок барган адамдар 2 айдан 6 айга чейин камалып, 50 миң сауд риалына (САР) чейин айып салынышы мүмкүн. Ошондой эле кармалган чет элдик жарандар депортацияланып, 10 жылга аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.
Эске салсак, быйылкы жылы Кыргызстандан 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алган.