"Ош базарынын" жанындагы Финанс Кредит Банкыны филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23- декабрда болжол менен саат 15:00 чамасында банкка бет кап кийген эки адам кирип келип, кассирди коркутуп, акча алып кетишкен.
Учурда келтирилген чыгымдын суммасы аныкталууда жана ыкчам топ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.