Кызыл-Кыядагы базардан алтын чынжырчалар уурдалган. Милиция шектүү аялды кармады

Кызыл-Кыя шаарында алтын саткан дүкөндөн зергер буюмдарды уурдаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Д. “Таштемир ажы” соода базарынын ичинде орун алган алтын саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар тарабынан жалпы баасы 230 миң сом болгон эки даана алтын чынжырчасын уурдатканын айтып, милицияга кайрылган.

Бул арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изи сууй электе Ош облусунун Ноокат районунун 34 жаштагы У.Д. аттуу тургуну аныкталып кармалган. Уурдалган буюм өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-06-11 16:52:00
Коен терисин жамынган ыймандуу түлкүлөр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан