Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо иштери башталды

Өлкө аймагында асфальт төшөө менен катар аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 156, 158-чакырымдар аралыгында жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө.
"Буга чейин аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдун 60-103-чакырым жана 141-158-чакырымдар аралыгы оңдолгон. Алдыда 103, 129 менен 158, 208-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жасалат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мындай иштер Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (18-69-чакырымдар аралыгы) да жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан