Америкалык UFC мушкери Дастин Порье (30-9) промоушендин легендасы Хабиб Нурмагомедов менен учурдагы чемпион Ислам Махачевдин күчүн салыштырды.
Америкалык мушкер эки дагестандыкка каршы беттешкен. Алгач 2019-жылы Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, анда Нурмагомедов муунтуу ыкмасы мене жеңген. Ал эми акыркы беттеште Порье Махачев менен беттешип, бешинчи бөлүктө ал дагы муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен.
"Хабиб менен Исламдын кысымы окшош, бирок, менин оюмча, Хабиб физикалык жактан күчтүүрөөк. Ошентсе да Исламдын кирип келиши укмуштуудай, муунтууда да Нурмагомедовдон кем калышкан жок. Бул экөө тең абдан күчтүү", - деген Порье MMA Fighting подкастында.
Белгилей кетсек, Дастин Порье титулун Хабиб Нурмагомедовго уттуруп койгонго чейин жеңил салмактагы UFC уюмунун убактылуу чемпиону болгон.