Бүгүн, 12-июнда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +29…+34,
Талас жергесинде +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37,
Ысык-Көл облусунда +23…+28,
Нарын облусунда +20…+25.
Бишкек шаарында +32…+34 градус жылыйт.