Ошто мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды

Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте 3-июндан 9-июнга чейин Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз миграциялык каналдарды аныктоо иштерин өткөрүшкөн. Натыйжада чет элдик жарандардын жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланган учурлар аныкталып, тиешелүү материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө иштери башталган.

"Чет элдик жумушчу күчтү мыйзамсыз пайдаланган юридикалык, жеке жактарга жана өлкө аймагында белгиленген жүрүүнүн тартибин, эмгекти жүзөгө ашыруу эрежелерин бузган чет элдик жарандарга 97 протокол түзүлүп, жалпысынан 548 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан