
Бүгүн, 12-июнда Бишкек экинчи эл аралык кинофестивалдын алкагында Иран киносунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, иран тасмалары 14-июнга чейин көрсөтүлөрүн айтты.
Иш-чаранын алкагында ирандык режиссёрлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Программасы:
12 июнь:
-13:30 — "Алдын ала келишим жок" (2022), режиссёр Бехруз Шоайби;
13 июнь:
- 10:30 — "Капитан" (2023), режиссёр Мохаммад Хамзеи;
- 13: 00 — "Факультеттеги экинчи курсум" (2019), режиссёр Расул Садыр Амели;
14 июнь:
- 10: 30 — "Дельфин бала" анимациялык тасмасы (2022), режиссёру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
- 13: 30 — "Кыздар тобу" (2022), режиссёр Монир Гейди.
Тасмалар Asia Moll соода борборундагы Бродвей кинотеатрында көрсөтүлөт.