23-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюшулган Олимпиадалык балда 2013-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, КРнын 2013-жылдагы мыкты спорттук федерациялары аныкталды.
Белгилүү болгондой, олимпиадалык спорт түрлөрүнүн ичинен КРнын Спорттук күрөш федерациясы, ал эми олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн ичинен КРнын Самбо федерация мыкты болуп табылды. Алыш күрөшү боюнча федерация улуттук спорт түрлөрү боюнча иш алып барган федерациялардын алдынкы сабына чыкты.