Сүлүктү шаарынын "Тазасууканал" ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи билдирди.
Маалым болгондой, прокуратура аталган муниципиалдык ишкананын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергөө үчүн Сүлүктү шаардык милициясына өткөрүп берген.
Ага ылайык, милициянын тергөө кызматы кылмыш ишин тергеп, "Тазасууканал" ишканасынын мурдагы жооптуу жетекчиси, 28 жаштагы К.М. мамлекетке жалпы 161 миң 259 сом зыян келтиргенин аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү К.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.