Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жаңы парк курулууда 

Жалал-Абад шаарында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жаңы парк курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган парк мурдагы экопарктын ордуна курулууда. Анын жалпы аянты 8,16 гектарды түзөт.
"Паркта коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тенниси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары болот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган парк Орусиянын каржылык колдоосу менен курулууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан