Биз социалдык тармакта

Бишкектеги үч базардын соодагерлери Горький паркына чогулушту

Бүгүн, 12-июнда Бишкектеги Горький паркына соодагерлер чогулушту.

"Азиз", "Дордой моторс" жана "Ош базарынын" соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, нааразылык акциясына чыгышты. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин айтышып, убактылуу иш ташташканын дагы билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-июнда Бишкектеги “Дордой моторс” базарынын соодагерлери да ушундай эле талаптар менен акцияга чыгышкан. Эртеси 11-июнда "Ош базарынын" соодагерлери дагы чогулушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан