Кант шаарына жакын жердеги айланма жолдон жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүштү. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Видеодон көрүнгөндөй, айланма жолдо Hyundai Getz унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, жеңил унаанын мотору жулунуп кеткен. Жеринде МАИ кызматкерлери иш алып барышууда.
Кырсыктан жабыркаган адамдар тууралуу маалымат бериле элек.