
Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-этабы 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Буга жүйөлүү себептер менен ЖРТга тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр катыша алат.
Тест К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.
Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөрүн айтты.
* Бишкек шаарында – №24 мектеп-гимназиясы, К.Тыныстанов көчөсү, 110.
* Ош шаарында – Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ленин көчөсү, 308.
Эске сала кетсек, бул жылы ЖРТдан четтетилген абитуриенттер кайра каттоодон өтө албайт.
Маалымат үчүн: Быйыл республика боюнча 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктап жатат. ЖРТнын биринчи этабы 18-20-майда өтсө, экинчи этабы 22-24-майда өткөн.