Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 13-июнга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Ал эми күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан нөшөрлөп жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +27…+29 градус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан