Сузакта 2 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Сузакта оор кылмыш жасаганга шектелип 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-май күнү милицияга 1995-жылы туулган Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле жылдын 4-май күнү саат 01:30 чамасында 25-30 жаштагы бейтааныш балдар сабап, чөнтөгүндөгү 25 миң сомун тартып алышканын, андан соң Жалал-Абад шаарындагы курорттун аймагына алып барып ур-токмокко алышканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголуп, атайын экспертизалар дайындалган.

Тергөөдө кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну аныкталган. Бирок ал жүргөн жерин жашырып, тергөөгө качып келбей жүргөндүктөн ага карата 2023-жылдын 1-мартында издөө жарыяланган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 10-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши жандандырылып, тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан