Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Видеонун автору кесилиштеги жол чырак иштебей калганын, тагыраагы, бир маалда эки көчөгө тең жашыл жарык күйүп калгандыгын жана мындан улам кырсык орун алганын айтат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы азырынча кырсык тууралуу маалымат бере элек.