Кыргызстандын велоспортчулары Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасынын мүчөлөрү Александр Дядичкин жана Игорь Филин Казакстанда өткөн 43-Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Александр Дядичкин 35-39 жаш курактагылар арасындагы жарышта күмүш медаль утса, 55-59 жаш курактагылар арасындагы жарышта Игорь Филин үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыды.

Белгилей кетсек, аталган чемпиондук 5-12-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан