“Эгемендүү мамлекет үчүн бул саясий мааниге ээ”. Байсалов футбол тууралуу оюн билдирди (видео)

“Футбол курама командабыз чоң бир мүмкүнчүлүк алды. Эгемендүү мамлекет үчүн бул баскычтар саясий мааниге ээ”. Мындай пикирин бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук кураманы тосуп алуу учурунда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, Дүйнө чемпиондугуна тандоонун акыркы туруна чыгуу, Азия Кубогуна жолдомо утууда кыргыз футболу тарых жарата алды.

“Өз мекенибизде Азиянын беш командасын тосуп алабыз, биздин курама чет мамлекетте беш оюн өткөрөт. Футбол аркылуу мамлекетибиз таанылат. "Ак шумкарларыбыз" жогорку мүмкүнчүлүккө ээ. Азияда 18 команданын арасында болуу сыймык”, - деп белгиледи Байсалов.

Ал кошумчалагандай, бийлик спорттун бардык түрүн өнүктүрүү максатында жер-жерлерде ыңгайлуу шарттарды түзүү менен имараттарды куруп, жаш курагына карабай баарын камкордукка алып келет.

Айта кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, ал эми 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомого ээ болду.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага жалпы 48 курама команда катышат. Оюн тандоо өткөн жылдын сентябрь айында башталган, ал 2026-жылы март айында жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган 18 курама чыгат. Андан суурулуп чыккан 8 команда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан өтөт.

Байсалов футбол тууралуу оюн билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан