
Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун сел түшкөн тилкесин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жол тазалоо иштерин аймакты караган №959 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-июнда саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 133-чакырымында каттам үчүн кыйынчылык жаралган.
Учурда күн бүркөк, каттам бар.