“Оор оюндар күтүп турат”. Штефан Таркович кийинки баскычтагы оюндар боюнча оюн айтты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азиянын 3-баскычындагы беш күчтүү команда менен боло турган оюндар оор болорун бүгүн, 13-июнда пресс-конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, команда физикалык жана менталдык жактан өз күчү менен жакшы мүмкүнчүлүккө жетише алды.

“Кыргыз курамасынын машыктыруучусу болуу жана жетишкендиктерге жетүү мен үчүн сыймык. 3-турга өтүү татаал болду. Өз талаабызда, Малайзияны кабыл алууда бул баскычка өтүүнү ниет кылганбыз. Бирок тең чыгып калып, Оман командасы менен ойноого туура келди. Эми биз Азиянын эң күчтүү беш командасы менен болгон беттештерге даярданып, ийгилик жаратууга аракет кылабыз”, - деди башкы машыктыруучу.

Таркович курамадагы футболчулардын 50-60 пайызы башка клубдарда ойногонуна байланыштуу ФИФА бекитип берген графиктердин негизинде гана машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүү үчүн жолдоштук мелдештер болбой тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы таңкы саат 05:00дө Бишкекке учуп келди.

Омандан жолдуу кайткан футболчуларды Кыргыз футбол биримдигинин имаратында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдиль Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү, күйөрмандар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Белгилей кетсек, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Малайзияны кабыл алып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Ал эми 11-июнда ак шумкарлар Маскат шаарында Оман курамасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыккан. Мындай жыйынтык менен алар Дүйнө чемпиондугуна тандоонун акыркы туруна чыгып, ошону менен бирге Азия Кубогуна жолдомо уткан.

Штефан Таркович Азиянын 3-турундагы оюндар боюнча айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан