Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда чакан ГЭСтер курулуп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан кичи ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 65,87 МВтты түзөт.
Ысык-Ата районунда:
- "Ысык-Ата-1" ГЭСи – кубаттуулугу 2 МВт;
- "Ысык-Ата-2" ГЭСи – кубаттуулугу 4 МВт:
- "Аманат энерго" ГЭСи – кубаттуулугу 0,5 МВт.
Сокулук районунда Төш-Булак жана Асылбаш айылдарында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
- "Сокулук ГЭС №1" – кубаттуулугу 3,5 МВт;
- "Сокулук ГЭС №2" – кубаттуулугу 2,4 МВт;
- "Сокулук ГЭС №3" – кубаттуулугу 6 МВт;
- "Туюк" – кубаттуулугу 4 МВт;
- "Сокулук №3" – кубаттуулугу 9,5 МВт.
Москва районунда Ак-Суу капчыгайында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
- "ГЭС-1" – кубаттуулугу 3,65 МВт;
- "ГЭС-2" – кубаттуулугу 7,17 МВт, башталышы – 2024-жыл;
- "ГЭС-3" – кубаттуулугу 11,31 МВт;
- "Бултуке ГЭС" – кубаттуулугу 1,75 МВт;
- "ГЭС-4" – кубаттуулугу 10,09 МВт.
Аталган чакан ГЭСтердин айрымдары быйыл июнь айында ишке берилет, айрымдарынын курулушу быйыл башталган.