Кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинде текшерүү жүргүзүлгөн. Анда ЖАКтын кызматкерлери абакта отурган жаран менен кызматтан тышкары байланыш түзүшүп, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн 250 миң сом акча каражаттарын накталай жана банкттык онлайн тиркемелер аркылуу алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголуп, мындан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн топтолгон материалдар Аскер прокуратурасынын Ош гарнизонуна жиберилген.