Бишкекте №136-маршруттук таксинин айдоочусу бир адамды коюп кетти. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 24-декабрда саат 07:00 чамасында 49 жаштагы кичи автобустун айдоочусу Байтик баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып Сүйөркулов көчөсүнө жетпей 54 жаштагы С.Антонинаны сүзүп алган.
Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.