Ошто милиция кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду

Ош шаарында милициянын улук лейтенанты Уланбек Кожомберди уулу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
4-июнь күнү саат 21:30 чамасында Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну өзүнүн Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынын Курманжан датка көчөсү аркылуу түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, ошол эле көчөдө жайгашкан Сити кафесинин тушунан жумуштан сырткары жүргөн Уланбек Кожомберди уулун сүзүп кеткен.
Уланбек Кожомберди уулу денесинен алган жаракатынан улам Ош шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.
Бул боюнча ошол эле күнү тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ал эми Уланбек Кожомберди уулу баш сөөгүнөн оор жаракат алган.
Тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткан учурда 12-июнь күнү саат 00:30да Уланбек Кожомберди уулу Ош шаардык ооруканасында каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан