Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, А.К. аттуу жаран Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен, ошондой эле ар кандай текшерүүлөрдү уюштурууну шантаж кылып ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон алганы аныкталды.
Мындан тышкары ал 2023-жылы И.Н. аттуу жарандын 6 миллон 400 миң сом акча каражаттарын «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө» жана «Ош шаарынын күнүнө» карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен, алдоо жолу аркылуу ээлеп алганы аныкталган.
"А.К. 2023-жылдын апрелинен декабрь айына чейин кесиптештеринин жана коомчулуктун белгилүү бир таасирине жана ишенимине ээ болуп, мыйзамсыз акча алган деп айыпталууда. Ал бул ишенимди өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып, системалуу түрдө акчалай сыйлыктарды алып, анын ордуна өзүнүн жардамын жана колдоо көрсөтүүсүн убада кылган. Анын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана коомго олуттуу зыян келтирилип, акчалай эсептегенде 10 миллион сомго чейин жеткен.
Мындан тышкары, А.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алган", - деп билдиришти УКМКдан.
30-майда А.К.га карата кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.