23-декабрда КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюшулган Олимпиадалык кечеде 2013-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, КРнын 2013-жылдын мыкты спортчулары аныкталды.
Олимпиадалык спорт түрлөрү менен алектенген спортчулардын ичинен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Азат Усеналиев (бокс), Айбек Усупов (эркин күрөш), Игорь Дорофеев, Максим Бондарь (экөө тең гребля спорту) жана Юрий Краковецкий (дзюдо) жыл мыктысы деген наамга ээ болушту.
Ал эми олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн Нурбек Аканов, Нурбек Кожобеков (экөө тең белбоо күрөшү), Кумар Жалиев, Улан Касымбеков, Сталбек Дарканбаев (баары кикбоксинг) жана Данияр Кашкараев (тайбокс) сыяктуу спортчулар мыкты аталды.
Андан тышкары улуттук спорт түрлөрүнөн мыкты делинип Нурбек Аканов (белбоо күрөшү), Анарбек Жамакеев (тогуз коргоол) жана Жышан Алсеитовдордун (көкбөрү) ысымдары аталды.