"Париж-2024": Дагы бир атактуу балбан лицензия утканына карабай Олимпиада менен коштошту

Ирандык балбан Мохаммедреза Гераеи Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына барбай турган болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Будапештте өткөн рейтингдик мелдеште Мохаммедреза Гераеи мекендеши Саеид Эсмаилиге утулуп калган. Ирандык машыктыруучулар турнирдин бардык беттештери аяктагандан кийин балбандардын эки беттешүүсүн Будапештте эле өткөрүүнү чечишкен. Эки беттеште ким жеңишке жетишсе, Олимпиада оюндарына бармак.

Олимпиадалык квота үчүн болгон чечүүчү күрөштө Эсмаили Гераини 6:0 жана 6:4 эсебинде катары менен эки жолу жеңип алган. Муну менен ал Ирандын атынан 67 килограмм салмакта Олимпиада оюндарына бармай болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта Иранга лицензияны дал ушул Мохаммедреза Гераеи алып берген.

Мохаммедреза Гераеи Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан. Ал ошол эле жылы кайра Дүйнө чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан