Кислота кол салуусунун курмандыгы болгон малайзиялык футболчу Фейсал Халим биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу ESPN басылмасы жазды.
Май айында 26 жаштагы Фейсал Халимге кол салуу болгон. 5-май күнү кечинде Куала-Лумпурдагы соода борбордун жанында ага белгисиз адамдар кислота чачып кетишкен. Ал оор, бирок туруктуу абалда ооруканага түшүп, бир нече операция жасалган.
"Футболго кайтып келе аламбы, билбейм. Болгону эл менин футбол аренасына кайтып келишим үчүн тиленишет деп үмүттөнөм. Мен дагы башка адамдар сыяктуу, башка оюнчулар сыяктуу кадимкидей жашагым келет. Күнөөлүүлөр тезирээк кармалып, сотто жоопко тартылат деп ишенем", - деген ал.
Белгилей кетсек, дал ушул Фейсал Халим 2023-жылы ноябрда Малайзияда өткөн Кыргызстан - Малайзия беттешинде жеңиш голун киргизген.