Баткенде сабалып ооруканага түшкөн 2 жашар кыз: Шектүү бир айга камалды

Баткенде 2 жашар кызды сабаганга шектелип кармалган өгөй атасы бир айга камалды. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Тиешелүү чечимди Баткен райондук соту чыгарган.

Белгилей кетсек, 12-майда Баткенде эки жашар кыздын ооруканага түшкөнү боюнча кылмыш иши козголуп, өгөй атасы кармалганы маалымдалган.

Ага чейин Баткен облустук милициясы церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөн наристени өгөй атасы бастырууга аракет кылып жаткан учурда кыз эс-учун жоготуп койгондуктан ооруканага жеткирилгенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан