Садовое айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Чүйдүн Садовое айылында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Окуя 11-июнда таңга маал болгонун облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Билдирмеге ылайык, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган Спринтерди артынан сүзгөн. Андан кийин Спринтер астында турган Форд Транзит үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

Анын кесепетинен Спринтерге жүк жүктөп жаткан 37 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болгон. Андан сырткары Хонда Степвагон унаасынын 25 жаштагы жүргүнчүсү Москва районунун ооруканасына жаракаттары менен кайрылган.

Эскертүү: Видео сезимтал адамдарга сунушталбайт.

Видео: Сейчас.кж

14.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан