Л.Толстой жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп, ал жараатынан улам каза тапты

Бишкек шаарындагы Л.Толстой жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп, ал жараатынан улам каза тапкан. Бул туурасында Темир жол тейлөө ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Жыргал Сыдыгалиев бүгүн, 24-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда саат 18:44төр чамасында азиат улутундагы белгисиз адам поездге урунуп алган. Ошол учурда жанында болгон досунун айтымында, ал жолго чыгып кеткен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталды. Ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Сагынбай Назаров болгон.

Эске сала кетсек, өткөн жумада да Л.Толстой жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп, ал ошол жерде жан берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mery.89
2013-12-24 11:13:40
Не болуп жатат акыркы кундору??????поезд озу келип сузбойт адамдар кантип оздору урунат билбейм даааа жан ширин го.
0
admin_superstan
2013-12-24 12:19:02
bokonbaev, ката оңдолду. Рахмат!
0
uson.abdullov
2013-12-24 14:08:53
атайын олгусу келген адам жасайт бул ишти.тан каласын ущунча чон унааны корбогонуно.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан