УКМК "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун идеологиясына активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 14-июнда маалымат таратты.
Ага ылайык, Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында жалпысынан 15 адам кармалды. Алар аталган уюмдун идеологиясын пропагандалап, жаштар арасында террордук мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген деп шектелүүдө.
"Алардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Топтун лидерлеринин бирин Ооганстандан келген “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармактан алыстан жалдап, анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террордук аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган. Мындан тышкары ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды.
Кармалган 4 адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, бул топтун башка мүчөлөрүн жана шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары улантылууда.