Бишкекте жылаңач адам түндө бычак көтөрүп чыгып, унааларга кол салды (видео)

Бишкекте жылаңач киши бычак көтөрүп алып көчөдө чуркап, унааларга кол салды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап жатат.

Маалым болгондой, 1-июнь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Бишкектеги Тоголок Молдо жана Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жылаңач адам жолго чуркап чыгып, унааларга кол салган. Анын колунда бычагы дагы болгон.

Анын кесепетинен унаалар жабыркаган.

Жогорудагы жаран Франциянын жараны экени, ал психикалык жактан жабыркаары айтылды. Бул окуядан кийин ал Республикалык психикалык ден соолук борборуна жеткирилген.

.

Бишкекте жылаңач адам унааларга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан