Токмокто өз кызына адепсиз жоруктарды көрсөткөн деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалымдалгандай, жашы жете элек кыздын апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, жолдошу С.С. системалуу түрдө үйүндө чуу чыгарып, физикалык күч колдонуп, балдарын коркутуп келген. Аталган факты боюнча протокол түзүлүп, иш Токмок шаардык сотуна жиберилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө арыздануучу күйөөсү 15 жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын да билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесине (16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында 1984-жылкы С.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.