Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандарга сот өкүм чыгарды

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын иши каралды. Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып коюлган саясатчы, активисттердин баарын актады.

Алар жалпы 22 киши:

Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбек уулу, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Айданбек Акматов, Нурлан Асанбеков, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев, Темир Махмудов, Таалайбек Мадеминов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Илгиз Шаменов, Али Шабдан.

Анда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыкты.

Алар: Жээнбеков, Молдокматов, Бекназаров, Шаменов, Акматов, Баязов, Бузурманкулов, Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Соттук жараян жабык өттү. Айыпталуучулардын тарапташтары соттун имаратынын алдында акыйкат чечим чыгарууну жана кармалгандарды бошотууну талап кылып турушту.

10-июндагы отурумда прокурорлор айыпталуучулардын ар бирин 20 жылга абакка кесүүнү, үй-мүлкүн конфискация кылууну суранган эле. Өздөрүнө коюлган айыпты кескин четке кагып келген шектүүлөр прокурордун мындай жаза сураганын акылга сыйгыс деп сыпатташкан. Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Кемпир-Абад иши боюнча алгач 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, алар үй камагына чыккан. Ушул аптада Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыровдун иши да өзүнчө бөлүнүп, убактылуу токтотулганы кабарланды.

Белгилей кетсек, аталган саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары коюлган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан