Сокулук районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 2003-жылы туулган И.Э. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Арызында ал 14-июнь күнү саат 01:00 чамасында Новопавловка айылынын Баетов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран аны сабап, бычак сайганын билдирген.
Бул факты боюнча Сокулук милициясы кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.