Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө аракет кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, 13-июнь күнү саат 17:00 чамасында “102” кызматына Ж.А. аттуу жаран Жибек-Жолу жана Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдын бычагынан жаракат алып, ооруканага жеткирилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда маалымат такталган, ошол күнү саат 16:00 чамасында медициналык "Тез жардам" кызматы менен ооруканага 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран "сол жактагы көкүрөгүнө бычактан жаракат алган" деген диагноз менен жеткирилгени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1987-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда жана бул факт башкармалыктын жетекчисинин көзөмөлүндө", - деп билдиришти Биринчи май РИИБинен.