"Евро-2024": Италия Албания беттешинде дагы бир рекорд жаралды

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Италия менен Албания курама командаларынын беттешинде дагы бир рекорд жаралганы белгилүү болду.

Тагыраагы, бул оюнда гол киргизүү боюнча рекорд коюлду. Эки команда тең жолугушуунун алгачкы 16 мүнөтүндө 3 гол киргизишти. Ошол эле учурда көрүүчүлөр финалдык ышкырык жаңырганга чейин башка голдорду көргөн жок.

Буга чейин үч гол киргизилген эң тез убакыт "Евро-2016" турниринин 1/8 финалындагы Англия-Исландия беттешинде болгон. Анда эки команда 18 мүнөттүн ичинде 3 гол киргизишкен.

Ушул эле беттеште дагы бир рекорд коюлган. Анда Албаниянын жарым коргоочусу Недим Байрами беттеш башталгандан 22 секунд өткөндөн кийин гол киргизип, Европа чемпиондугунун тарыхын жаңылаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан