Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында саат 20:15тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Хонда CRV үлгүсүндөгү унаа менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардамды көрсөтүшкөн.